Жаштардын сүйүктүү ырчысына айланган ырчы Бекчоронун ысымын жүрөгүнө сактаган кыздардын саны учурда өтө эле арбын. Жакындан бери Бекчоронун бир күндүк иши туурасында документалдуу фильм тартыла баштады. Фильм тартылып бүткөндөн кийин ырчынын өмүр баяны чагылдырылган жарым сааттык кыска метраждуу тасма тартылары да белгилүү болду.