Жагымдуу үнүнөн да жылдыздуу жүзү, бетиндеги уячасы менен кыздардын жүрөгүнө алоолонто от жаккан ырчы Мирбек Иманбеков “Сүйүүнүн керемети” ырынын уландысын жаратты. Ал ыр “Түн чүрөгү” деп аталганы менен “Сүйүүнүн кереметинин” маанисин да, клиптеги сценарийин да улайт. Клипке мурунку эле каармандар катышат.