Буга чейин ырчы Съездбек Искеналиев чыгармачылыктагы жакындары менен Кытай жергесине барып, өз өнөрүн тартуулап келген эле. Нооруз майрамына карата ошол эле уюштуруучулар Кытайга ырчыны кайрадан чакырышкан. Бирок Съездбек ал жакка баруудан баш тартты. Анткени дал ошол маалда Бишкекте концерттер көп болот. Экинчиден, жайында Орусия жергесин кыдыруу үчүн даярдык көрүүсү керек. Дагы бир себеби ал жактын уюштуруу иштери ырчыга жакпай калган.