Учурда «Коштошуу» деген ырынын клиби менен канчалаган адамдын жүрөгүн эзген ырчы Гүлжигит Сатибековду көпчүлүк жакшы таанып калды. Мына ушул ырчыбыз түштүктөгү күйөрмандарына талантын тартуулап жүрүп ооруп калган. Тактап айтсак, бөйрөгүн сезгентип алып, ооруканага жаткан. Андан да бутуна жара чыгып операция болгон. Республикалык ооруканада он күн жатып дарыланган ырчы учурда үйүндө эс алууда.