Арген үндүү Анжелика сахнага кечээ гана чыккандай сезилет. Бирок ырчы кыздын “Айчүрөк” эстрада театрында ырдап, күйөрмандарын ыр менен кубандырып келе жатканына 10 жылдын жүзү болуптур. Анжеликанын он жылдык эмгегин эске алган Маданият министрлиги “КРнын маданиятынын мыкты кызматкери” деген наам ыйгарышты. Наамды чыгармачылыктагы энеси Айчүрөк өз колу менен тапшырды.