Коңур үндүү ырчы Токтобек Асаналиев жакында эле аймончоктой кыздуу болду. Кызынын атын Насыйкат деп чоң атасы койду. Насыйкат борбордогу №4 төрөт үйүндө 3 килограмм 600 грамм салмакта жарыкка келген. Эки уулу бар ырчы “кыздуу болуу ата үчүн чоң кубаныч турбайбы!” деп маңдайы жарыла сүйүнүп жүрөт. «Бала көрөлү» дегендерди ырчы «кызымдын кыркы чыксын» деп токтотуп жатат.