35 жылдык сахна өмүрүнүн тарыхын камтыган “Кыз-Бурак” тобу буга чейин жигиттерди да ырчы катары тарбиялап, чоң сахнага алып чыгып келген. Алсак, Мирлан Ниязов, жаштардын сүйүктүү ырчысы Ильяз Абдыразаков дал ушул топ аркылуу ырчылыкка бет алган. Учурда топто Тима аттуу жигит ырчы болуунун жолдорун, ички мыйзамдарын үйрөнүүдө. Топтун көкүрөк күчүгү Сайкал Тима менен дуэт ырдай баштады. Дуэт “Молодёжь давай!” деп аталат. Бул Сайкалдын да, Тиманын да алгачкы дуэти болду. Ыр менен катар дароо клиби да жарыкка чыкты. Учурда аталган ыр радиолордон берилип, клиби телелерден көрсөтүлүүдө. Кандай дуэт чыкканы, албетте, көрөрмандын сынында.