Ырчы, бийчи эже-агалары менен теңтайлаша чоң сахнада жүргөн Сауле мектебинде “Математика ханышасы-2009” болду. Ырдоо жагынан таятасын, эсеп чыгаруу жагынан таенесин тарткан Сауленин ханыша аталышына мектеп ичиндеги олимпиададан 1-орунду алышы себеп болгон. Кичинекей ырчы эми мектептер аралык олимпиадада математика сабагы боюнча ат салышмакчы.