Жаздын алгачкы айынын башында төкмө акын Жеңишбек Токтобеков чоң концерт бергени турат. Жеңишбек эмгек жолун Нарын драма театрында актёр, андан кийин куудул болуп баштаган. 8 жаштан 80 жашка чейинки күйөрмандарынын башын кошо турган концертте төкмө акын комуз менен да, эстрада менен да созолонто ырдап, куудулдарга кошулуп элди да күлдүрөт.