“Баёо сезим” ыры менен жаш жигиттердин жүрөгүн багындырып келе жаткан ырчы Бегимай Карабаевага Казакстанга келип ырдоо сунушу түшүүдө. Казактардын буга чейинки эки чакырыгына тең ырчы кыз бара албай калган. Сессиясын аяктап алган соң Бегимай коңшу мамлекетке барып, концерттерге катышып, ырларын радиолордон бере турганын билдирди. Ошентип, Бегимай жакынкы күндөрдөн тарта казак күйөрмандарынын да жүрөгүнөн орун алууга аракет кылат.