Ырларында учкусу келген Аида Кулуева продюсеринен эскертүү алды. Эскертүүнүн берилишине ырчынын жалкоолугу түрткү болгон. Анткени буга чейин аткарылып келген ырларынын баарын продюсери өзү жаздырып, аранжировкалатып келген. Ал эми ортодогу келишим боюнча ыр жаздыруу, аранжировка жасатуу иштери эки тараптан тең болууга тийиш эле.