Таланттуу атанын кызы ырчы Кубик кызы Айпери тасмага тартылуу менен да жаштар арасында бир топ кадыр-баркка ээ болду. Ырчы кыз эми чыгармачылыктагы агасы Акбар Сүйүнбаев менен тамашалуу айтыш ырын ырдамакчы. “Гүл десең гүл, ал гана эмес, асмандагы айды да алып берем” деген Акбар менен Айпери “койчу, ошол гүлүңдү” деп айтышат. “Гүлүм” деп аталган бул ырдын сөзү Кубик Калыковго, обону Акбарга таандык.