Ырларынан мурун кичи пейил мүнөзү менен адамды өзүнө тарткан ырчы Алекс ушул тапта жаңы ырлардын үстүндө тынбай иштеп жаткан учуру. Буга чейин шоу-бизнес өкүлдөрү жасай элек көрүнүш ойлоп тапкысы келген ырчы эми күйөрмандарына кичине болгону менен күнүмдүк жашоого керектүү белек таратмай болду. Тактап айтканда, Кыргызстандын аймагын аралап концерт койгон Алекс ар бир күйөрманына чай таратат.