Буга чейин журналист Шайырбек Абдырахманов “Добуш” көрсөтүүсүн Улуттук биринчи канал аркылуу көрөрмандарга тартуулап келген. “Добуш” көрсөтүүсү кыргыз элиндеги ар түрдүү көйгөйлөрдү ачык, даана чагылдырышы менен өзүнө көрөрмандарды топтогон эле. Эми бул жаңыланган программаны апрель айынын алгачкы күндөрүнөн тарта ЭлТРден көрө аласыздар.