Казак, кыргыз элинин шоу-бизнесинин даамын татып калган Айя Садырованын аз убакыттан бери кечки иштери азайды. Анткени ырчынын жигити Айянын түнкү клубдарга, ар түрдүү кечелерге, аш-тойлорго барып ырдоосуна тыюу салган. Бул тыюуга жигитинин кызганчаактыгы себеп болгон. Мындайды туура кабыл алган Айянын тааныштары эми ырчы кызды кечкисин үйүнөн гана таба алышат.