Мукам үндүү ырчы Айгүл Чалова учурда бир топ эле белгилүү. Бул ырчы айым 14-февраль же 23-февраль майрам күндөрүндө Спорт Ордосунда күйөрмандарынын башын кошуп концерт бермек. Бирок ар кандай себептерден улам ырчынын бул планы ишке ашпай калган. Эми Айгүл ошол эле сценарий менен кичи мекени Токтогулга концерт коюп, жердештеринен бата алмай болду. Нооруз майрамына карата уюштуруп жаткан ырчынын концертин сахналаш достору да колдомокчу.