Жылдыздуу жүзү, коңур үнү менен кыздардын жүрөгүн ээлеген ырчы Ильяз Абдыразаковдун талантын казактар да баалады. Мындан бир жыл мурун казактардын “Каспий” эстрада тобу Ильязга ырларын сатып алуу сунушун айтышкан. “Сатпайм, бирок, чыгармачылык байланышта бололу” деген Ильяз ырларын казакча которууга уруксат берген. Ырчынын “Лейли” аттуу ырын казакчага которгон топ жакында “Апакебай” ырына клип тартышат. Клипте башкы каармандын ролун Ильяз өзү ойномокчу.