Айымдарды Эл аралык майрамы менен куттуктап Баткенде жүргөн Сема төкмөлүктү аздектеген бир жигитке абдан ыраазы болду. Концерттен соң алыскы айылдардын бирине конокко барган. Ал жерде свет жок болгону менен турган жеринде төгүп ырдаган төкмө акын конокторду таң аткыча уктаткан эмес. Төкмөнүн талантына ыраазы болгон ырчы «борборго келиңиз, талантыңыздын өркүндөшүнө колдоо көргөзөйүн» деген сунушун айтты.