Ырчы Ташкент кызы Гүл жакында эне болуу алдында турат. Ай-күнүнө жетип калганына байланыштуу чыгармачылыктан бир аз алыстай үйдө отурган ырчы эми жолдошун да сахнага алып чыкмай болду. Гүл турмушка чыгардын алдында болочок жолдошуна обону да, сөзү да өзүнө таандык бир ырды белек кылган. Ырчынын жолдошу учурда ошол ырга аранжировка жасатып бүттү. Эгер бул ыр өз күйөрмандарын таап кетсе анда Гүл жолдошу менен сахнада кош жылдызга айланмакчы.