Эмил Балтагуловго «Жал Артис компаниясынанбыз» деп телефон чалышкан. Алар утуш ойнотулуп, анын телефон номуру жарым финалга чыкканын айтышкан. Ырчы тигилер айткан телефонго 4000 бирдик салган. Эртеси Эмилдин Ауди-с-4 үлгүсүндөгү машина утканын сүйүнчүлөшкөн. Ырчы машинасын айдап кетмекке айтылган дарек боюнча барса ал жер банк болуп чыккан. Мындайга биринчи жолу кабылган ырчы учурда жакасын кармап отурат.