17-мартта филармониянын чоң залында “Эл ырчысы Эстебес” тобу чоң концерт берет. Топтун жетекчиси Аалы Туткучевдин айтымында, концертте кыргыз жыттанган ырлардан сырткары, айтыш да орун алат. Айтыша турган төкмө акындар Амантай, Аалы, Азамат болсо, обон созо тургандар Нуржамал, Малик, Токтобүбү, Таалай, Гүлгаакылар болушмакчы. Баса, билет баасы 50 эле сом экен.