Белгилүү ырчы Айбек Карымовдун ырлары элге жакшы эле сиңимдүү. Бул ырчыга жакында ИИМдин алдында ачылган ансамблге иштөө сунушу түштү. Сунушту чын көңүлүнөн кабыл алган Айбек ансамблдин көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Марттын экисинен тарта ишке кирген ырчы учурда ансамбль курамын түзүү менен алектенүүдө. Тактап айтканда, аталган ансамблге он бир ырчы кабыл алынмакчы.