Мурунку сандарыбыздын биринде куудул Кубан Алимовдун кудага барып борборго концерт коюу үчүн чогултуп жаткан 50 миң сомун машинасынан уурдатканын кабарлаганбыз. Уурдаткан адам ар кимден көрөт болуп, куудул ар кимден шекшип келген. Акыры өзүнүн эле туугандары “50 миңдин 40 миңин таптык” деп алып келишкен. Кубандын “ким алыптыр?” деген суроосуна акчаны алып келгендер “тигил, бул” деп ачык жооп беришкен эмес.