Эртең 8-март деген күнү бардык айымдар белек аларын элестетип толкунданары бышык. «Жолдошум мага эмне белек берет болду экен?» деп кыялга баткан Жанетаны 8-март жагымсыз сюрпризи менен тосуп алды. Ырчы 7си түнү үйүнө кеч келип, машинасын короого киргизгенден эригип көчөгө токтоткон. Анан белгисиз бирөөлөр темир тулпардын төрт дөңгөлөгүн чечип кетишиптир. Ырчы дөңгөлөктөрүнө кайгырбаганы менен 8-март жагымсыз окуясы менен эсте калганы үчүн капа болууда.