“Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи Эдил Эркинбаев жаңы жылдын алдында жумуштан кетмей болгон. Бирок радионун юбилейине катышып кетүүсүн өтүнгөн кесиптештеринин суранычы менен бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген. Эми Эдил үйбүлөлүк шартына байланыштуу радиодон таптакыр кетти. Угармандар жагымдуу үндүү бир ди-джейден айрылганы менен ал орун Лилия Абдубаитова менен толукталды.