Спирт ичимдигин ичээрдин алдында майлуу нерседен бир-эки сугунуп алыңыз. Чийки жумуртканы же болбосо бир кашык өсүмдүк майын ичип алсаңыз да болот. Булар организмдин алкоголду сиңирүүсүнө тоскоол болот.
Ичээрден мурун бир кружка жалбыз кошулган коюу чай же лимон кошулган кофе ичип алыңыз.
Ичүүнү таттуу винодон, шампандан же коньяктан баштабаңыз.
Ичилген ар бир рюмкадан кийин бир нерсе жеп туруңуз. Картошка, нан, туздалган капустадан көбүрөөк жеңиз.
Ичкенден кийин желүүчү эң жакшы нерсе – лимон.
Көп ичкен болсоңуз, суук күндөрү таза абага чыкпаңыз. Болбосо мастыгыңыз күчөп, эмне кылганыңызды билбей калууга чейин барышыңыз мүмкүн.
Кызуу кезиңизде тамекини азыраак чегиңиз. Тамеки мастыгыңызды 1,5-2 эсе күчөтүп жиберет.
Минерал суусун көбүрөөк ичиңиз. Ушул эле минерал суусуна кесилген лимон кошуп ичүү мастыгыңыздын тарашына жакшы таасирин тийгизет.
Ичкендин эртеси башыңыз ооруп турганда канчалык каалабай турсаңыз да, эшикке чыгып сейилдеп келүүгө аракет жасаңыз. Таза абадан терең-терең дем алсаңыз, бул зат алмашууну ылдамдатып, өзүңүзгө келүүгө жардамын тийгизет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Timur02
2015-07-23 15:52:17
2006 -жылкы тема экен ал убакта интернет мине экенин билбейт элек
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.