Жакында эле радиолордун биринин уюштуруусу менен ырчы айымдар арасында сулуулар конкурсу болуп өттү. Ал конкурста Кундуз жеңүүчү деп табылды. Конкурс күйөрмандардан келген SMS билдирүүлөр боюнча чечилди. Ошентип, өз телефонунан 18 билдирүү жөнөткөн Кундуздун күйөрманы конкурстун шарты боюнча ырчы менен жолугууга мүмкүнчүлүк алды. Ырчы кыз жолугушууда күйөрманына сүрөтү түшүрүлгөн плакатын жана өзгөчө белек бермекчи.