Ырчы Актан Исабаев түрктөрдүн чакыруусу менен Анкара шаарындагы ТРТ Мамлекеттик телеканалынын ачылыш аземине катышат. 20-мартта болуучу ачылыш аземде 30 өлкөдөн келген ырчылардын катышуусу менен чоң концерт өткөрүлөт. Ал эми 21-мартта ошол эле ТРТ каналында өтүүчү көрсөтүүгө Актан катышып, кыргыз эстрадасынын учурдагы абалы боюнча интервью берет.