Борбордогу муз аянттарынын биринде хоккей ойноону салтка айланткан ырчы Турдалы Аскарбеков өзүнчө командасын түздү. 10 адамдан турган команданы түзүүгө ырчынын бала кезден спорттун бул түрүнө катышып келгендиги түрткү болгон. Ырчынын планы – келечекте хоккейге кызыккан спортчулардын таймашын өткөрүү.