«АКЧА ҮЧҮН ӨЛТҮРҮП, ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕМ»

Шаарда белгилүү стоматологиялык клиникасы бар таанымал врач аялдын өрттөлүп, толук күйбөй калган сөөгү аэропортту көздөй кеткен жолдун жээгинен табылды. Соттук-медициналык экспертиза аялдын алгач атып өлтүрүлүп, анан өрттөлгөндүгүн аныктап чыкты. Маркумдун тууган, тааныш, дос-душманынын арасынан шектүү адамды издештирип баштаган иликтөөчү топ илинчекти таптакыр башка жактан тапты.

АЯЛДЫН ЧАЛА КҮЙГӨН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
– Балтек, Балтек, кайдасың?
Талаада кой жайып жүргөн жигит итин чакырып кирди. Куйругун булактата, жерди тытмалаган ити аны угуп да койбогондой.
– Эмнени тыткылап калдың?
Сүйлөнө итинин жанына басып келген жигит таштандылардын арасынан шукшуюп чыгып турган колду көрүп бакырып жиберди. Капкара болуп күйүп, сөөктөрү гана калгандай. Жуушап жаткан койлоруна да карабай чымын-куюн айылды көздөй чуркаган ал бир топтон соң бир нече кишини ээрчитип келди. Арасында формачан милиция кызматкери да бар. Толук күйбөй калган бул маркум аял 35-40 жаштар чамасында экен. Көп өтпөй аты-жөнү да такталып, кылмыш ишин иликтөө башталды. Шаардагы медиктердин арасын чуу түшүргөн бул окуянын башы мындан үч ай мурунку кокустан болгон таанышууга барып такалат эле.

"АКЧАНЫН ЖЫТЫН СЕЗИП КАЛГАНСЫҢБЫ ДЕЙМ..."
– Саламатсызбы, эмне маселе менен келдиңиз?
Пациенттерди жаркылдап-жайнап күтүп алууга көнгөн Айгүл кабинетине кирген олбурлуу кишини карап калды.
– Тишиме пломба койдурсам деген элем.
– Бул креслого отуруңуз. Мен азыр...
Жедеп көнүп калган ишин Айгүл бат эле бүтүрдү. Ишти аягына чыгаргыча пациент менен сүйлөшүп, кенен таанышып алды. Пациенти да эл менен бат тил табышкан адам окшойт. Айгүл жөнүндө сурамжылап, көп нерсени билип алууга жетишти. Өзү жөнүндө да айтып, үйлөргө евроремонт жасап жанбагаарын билдирди. Ушул кезде Айгүл жаңы алган квартирасына евроремонт жасатмакчы болуп, бирок, жумушчуларды тапканга убактысы жок болуп жаткан. Көктөн издегени жерден табылгандай кубанган врач пациенти менен келишим түзүп алууга да жетишти. Бирөөгө жамандыгы жок, башкаларды да өзүндөй ойлогон Айгүл кандай адам менен мамиле түзүп алганын баамдабады.
Карапайым кишилерди алдап, акчасын алып, сызга отургузуп кетүүгө маш Камчыбек тишине пломба салып берген аялдын колунда ири акчасы бар экенин сөзүнөн байкап койду. Акчанын жытын алыстан сезе билген ал Айгүлгө "үйүңүзгө өзүм эң сонун кылып ремонт жасап берем" деп убада да берип жиберди. Башында пайда болгон ойду ишке ашырууну ойлонуп, клиникадан соң түз эле Субан аттуу досуна жөнөдү. Бул досунда тапанча бар экенин жакшы билчү. Кудай жалгап, досу үйүндө экен.
– Жардамың керек болуп калды, дос.
– Мени жөндөн-жөн издечү эмес элең...
– Бизге окшогон адамдар убакытты текке кетирбейт да.
– Кыскасын айтканда...
– Кыскасын айтканда, кеп мындай. Мага "пушка" керек болуп жатат. Жакшы төлөп берем. Нааразы кылбайм.
– Акча десе жантыгыңдан жата калчу элең. Акчалуу бир иштин жытын алып калгансың го дейм.
Эки дос акыры бир келишимге келишти. Октору менен тапанчасын убактылуу бере турганы үчүн Камчыбек досуна 200 доллар бермей болду.
Келишип алгандай, эртеси Камчыбек шериктерин ээрчитип Айгүл берген дарекке келди. Аны менен сүйлөшкөн соң өзү топтоп алып келген үч киши менен дароо ишке киришти. Камчыбек Айгүлгө жакындоонун жолун ушинтип тапканына өзүнчө кудуңдап, кубанып да алды. Оңдоо-түзөө иштери бүткөн соң деле Айгүл менен кабарлашып, жалгыз бой аялдын ар кайсы чарбалык иштерин бүтүрүп берип, арам оюн ишке ашыруу үчүн анын ишенимине кирүүгө аракеттенип жатты.

МЫКААЧЫНЫН КАПКАНЫ
Жумуштан чыгып, шашып жөнөгөн Айгүл жанынан чыккан машинанын сигналынан чочуп кетти. Машинадан түшкөн Камчыбек Айгүлдүн чочуп кеткен өңүн көрүп күлүп калды.
– Чочутуп жиберген болсом, кечириңиз. Бул жакка жумуштап келип, анан кокус жумушунан чыгып калса жеткирип коёюн деп сизди күтүп тургам. Дайыма ушул убакта чыгат эмессизби.
– Макул, өзүм да шашып бараттым эле. ЦУМ жакка таштай кетсеңиз жакшы болот.
Шашылышта машина табыла калганына ичинен кубанган Айгүл жол ката сүйлөп, ал эми Камчыбек өз ойлору менен алпуруша калп эле жылмайымыш болуп баратты...
Арадан төрт күн өткөн соң Камчыбек түзгөн планы боюнча кубанычтуу кабар уккан адам кейиптенип, Айгүлгө телефон чалды.
– Алло, Айгүл, кандайсыз? Мен Камчыбекмин. Жаңылбасам, «Москвадан квартира алып, клиника ачсам» деп жаткансыган элеңиз...
– Ооба, ошондой дегем.
– Билесизби, менин досумдун эжеси Москвадагы квартирасын сатканы жатыптыр. Анын үстүнө, 1-кабатта экен. Шашылыш акча керек болуп, квартирасын арзан баада сатмакчы болуптур. Айткан кебиңизди эстеп кетип дароо сизге кабарлагыча шаштым.
– Ооба, үй алышым керек. Бирок, мен ал жактагы тааныштарга издештире жүргүлө деп дайындап койгон элем.
– Аа, мейли, жөн эле сизге айтып коёюн дегеним болчу. Үйдү үч күндүн ичинде сатат экен. «Баасы арзан» дешти. Биринчи кабат клиникага ыңгайлуу эмеспи. Ошону сизге айтып коёюн деп эле...
– Камчыбек, мен сизге өзүм чалайынбы? Азыр мага кишилер келип калышты. Анан кенен сүйлөшөбүз, макулбу?
Айтканындай эле кечке жуук Айгүл Камчыбекке телефон чалып, үй тууралуу сурамжылай баштады. Мындай болоорун алдын-ала билген Камчыбек тааныш келин менен макулдашып алган эле. Квартира тууралуу ойдон чыгарган маалыматтарын айтып, Айгүлдү биротоло ишендириш үчүн: "Жакшысы, ал эже менен өзүңүз сүйлөшүңүз. Сиздин телефон номериңизди берип койдум",- деди. Сүйлөшүп алгандай, Камчыбектин тааныш келини Айгүлгө москвалык эже болуп телефон чалды. Жашыруун номер болгондуктан, Айгүл Бишкектен чалып жатышабы же чын эле Москваданбы, айырмалап биле алмак эмес. "Телефон номериңди Камчыбек берди. Москвадан үй сатып алмакчы болуп жаткан экенсиң. Башкаларга эмес, кыргызстандык жердештерге сатсам мен деле кубанам",- деген телефондогу үнгө Айгүл чын эле ишенип алды. Ишти созуп отурбай дароо самолётко билет алып, аны Камчыбек аэропортко жеткирип бармай болду. Ошентип, ал акча үчүн энесин өлтүрүүдөн кайра тартпаган эргулдун капканына өзү түшүп бергенин билген жок.

ТАҢДАГЫ КЫЛМЫШ
– Туй ата! Баягы эски дартын дагы баштады!
Таң эрте машинада үргүлөп бараткан Айгүл Камчыбектин үнүнөн чочуп ойгонуп кетти.
– Эмне болду?
– Машина бузулуп калды.
– Саат канча болду? Кечигип калбайбызбы?
– Бир саат убакыт бар экен. Эми канттик? Такси кармаш керекпи?
Кужулдаша машинадан чыккан экөөнөн башка жолдо эч ким жок экен. Ээн жолго айласы куруй көз чаптырып турган Айгүл капысынан кежигесине тийген катуу соккудан улам көзүнөн чаар чымын учуп, бүк түшүп калды. Эсин жыя албай көзү аңтар-теңтер болгон ал маңдайына басып келген Камчыбекти көрдү. Анын көздөрүнө кан толуп, жырткычка окшоп калыптыр. Колундагы тапанчаны жай көтөргөн Камчыбек аны так маңдайга атып таштады. Чоң максат менен «Москвага жөнөгөн» аял заматта кызыл-жаян канга боёлуп, денеси титиреп барып кыймылсыз жатып калды.
Эки жагын элеңдей караган Камчыбек шалактаган жансыз денени сүйрөп, машинанын багажына жүктөгүчө шашты. Алдын-ала сөөктү орогонго шалча, канистрге суу, бензин даярдап салып койгон эле. Суу куюлган чоң канистр алып чыгып, кан уюй түшкөн жерди жууп кирди. Бул жерден сөөктү алыс алып кетсе да, "уюган канды көргөндөр шек алып жүрүшпөсүн" деди арам оюнда. Кан уюган жерди тазалап, көңүлү тынчыган соң чоң жолдон чыгып, талаа тарапты көздөй машинасын айдап, сөөктөн арылууга ыңгайлуу жер издеп жөнөдү. Акыры жолдон далдоо акыр-чикир төгүлгөн жерди тапты. Муздай түшкөн денени шалактатып сүйрөп чыгып, анан аялдын сумкасын аңтарып кирди. Жанталаша сумкаларын тинтип, ичиндеги кийим- кечелерди өлүктүн үстүнө ыргытып жатып акчасын таап алды. Камчыбекке ушул эле керек болчу. Туптуура 20 миң доллар экен. Сыягы, калган акчасын кийин бермек болсо керек. Ал эми кол сумкасындагы майда акчалар 5 миң сомго жакын болуп чыкты. Айгүлдүн кымбат баалуу чөнтөк телефонун кыйбай көпкө карап туруп, айгак болбосун деп аны да өлүктүн үстүнө ыргытты да, бензинди жаба куюп, өрттөп салды.
Жалындын соймоңдогон тилкелерин эси оой карап турган ал ичинен: "Мына, бүттү. Эми акча меники, сен болсоң менин тынчымды албайсың",- деп күбүрөнүп, чалыштай басып машинасына жөнөдү. Ушул учурда көздөрү жырткычтыкындай канталай кызарып, тизелери аздан титиреп турган эле. Оюнда "ишти таза бүтүрдүм, менден эч ким шек албайт" деп ойлогон. Бирок, үч айдан соң кармалып калды. Досу Субан бир окуяга аралашып, бирөөлөр менен атышып кеткен экен. Криминалисттер ал гильза, окту текшерип, тапанчаны табышып, анан тапанчанын ээси Субанды кармашат. Көп өтпөй атылып, сөөгү өрттөлгөн стоматолог аял да ушул тапанча менен атып өлтүрүлгөндүгү аныкталат. Кылмыш иликтөөчүлөр Субанды жакшылап суракка алганда ал досу Камчыбек жөнүндө саймедиреп айтып берет. "Орусияга кетип калсамбы?!"- деп эки анжы ойдо жүргөн Камчыбек колуна кишен салынып камакта отуруп калганында гана толук эсине келди, сыягы. Сотто аялды эмнеге өлтүргөндүгү тууралуу сурашканда «Акча үчүн өлтүрүп, өрттөп жибергем» деп моюнуна алган болчу. Адам өлтүрүп тапкан акчасы өзүнө бир тыйын пайда же кубаныч алып келбегенин абакта жатып сезди. «Бекер кылыптырмын» деп өкүнгөнү менен эми баары кеч эле...

Даярдаган Айбек Нурадилов. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 283, 4-10-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан