Үйлөнүү тоюн дүңгүрөтө өткөргөн жылдыздар Урмат менен Неля 18-мартта
АКШга учуп кетишти. Ырчылар ал жактагы “Кыргыз клаб” уюму менен келишим түзүшкөн эле. Келишим боюнча жылдыздар 15 күндүк сапарында Нью-Йорк, Лос-Анжелес,
Чикаго, Вашингтон шаарларында мекендештер үчүн концерт коюшмакчы.