БАРЫБИР СҮЙӨМ...

Ошентип, орусиялык Биринчи канал тартуу кылган “Баарыбир сүйөм...” сериалы соңуна келип жетти. Мыкты курулган сюжет, өткөн жылдардын атмосферасы, актёрлордун профессионалдуу оюну миллиондогон көрүү­чү­лөрдү бир жарым ай бою экран алдында “байлап” турууга алы жетти. Сериалдын жана ага катышкан актёрлордун кээбир сырларын ачууга биз да кызыктык.

Режиссёру – Сергей Гинзбург
Продюсери – Дмитрий Глущенко, Юрий Ивашкевич
Сценарийин жазгандар – Татьяна Арцеулова, Анна Суворова
Композитору – Дмитрий Маликов
Ролдордо: Татьяна Арнтгольц (Вера), Антон Хабаров (Вадим), Вера Алентова (Татьяна Брониславовна), Михаил Жигалов (Николай Ефремович), Раиса Рязанова (Глаша), Анатолий Руденко (айдоочу), Анастасия Макеева (Катя), Ирина Низина (Инна), Георгий Дронов (Володя), Алина Булынко (кичинекей Рита), Светлана Иванова (Рита), Шамиль Хаматов (Женя), Кирилл Жандаров (Макс), Сергей Гинзбург (Леший) жана башкалар.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Вера аттуу ачык мүнөз, ишенчээк, жөнөкөй айылдык кыз Москвага келип, курбулары менен заводго орношот. Шаарда өскөн Вадим деген жигит менен таанышып, алардын ортосундагы жылуу мамиле үйлөнүү тою менен аяктайт. Тилекке каршы, балдар үйүндө тарбияланып, анан бай адамдардын үйүнө келин болуп барган Веранын бактысы көпкө уланбайт. Вадимдин энеси келинин жактырбай, баласынын Парижде иштеп жүргөнүнөн пайдаланып Вераны үйүнөн кууп чыгат. Веранын бакубат жашоосу кыска убакыт ичинде короо шыпырмай, аракечтик жана уурулук менен алмашып калат. Ушундай шартта Вадимден төрөгөн кызы Рита чоңоёт. Жашоодо бир жакшы нерсе көрбөй Вера акыры каза табат да, сериалдын башкаарманы эми Рита болот. Анын башына да учурунда энеси башынан кечирген татаал күндөр келет. Ал да сүйгөн адамы тарабынан сатылып, сойкуканадан түрмөгө чейинки оор күндөрдү башынан кечирет. Бирок, качандыр бир колдоо көрсөткөн жакын досу, согушка кетип дайынсыз жоголгон Женя кайтып келип, Ританы ыплас жашоодон куткарат. Вера менен кызын таштап, алардан кечирим суроодон тартынып жүргөн атасы Вадим дагы кызын жаман жашоодон алып чыгууга чоң салымын кошот. Акыркы 24-бөлүм атасы менен кызынын элдешүүсү жана Женя менен Ританын мамилелеринин жаңыланышы менен аяктайт.

АДЕГЕНДЕ КИТЕП ЧЫККАН
“Баарыбир сүйөм...” тасмасынын мазмуну аялдарга арналган чыгарманын негизинде жазылган. Жазуучу Елена Харькованын «Баарыбир сүйөм» романы «Гелеос» ири басмасынын «Сүйүү жөнүндөгү эң мыкты роман» деген сыйлыгын алган. Бул китеп 2004-жылдын ачылышы жана бестселлери болгон. Жөнөкөй тил менен жазылган татаал окуя 4 жылдан кийин сериал болуп тартылып чыгат да, орусиялык Биринчи канал тарабынан бүткүл КМШ өлкөлөрүнө көрсөтүлө баштайт.

«МОСКВА КӨЗ ЖАШКА ИШЕНБЕЙТ» КАЙТЫП КЕЛДИБИ?
Сериалдын сюжети Меньшовдун “Москва көз жашка ишенбейт” көркөм тасмасына окшош экенин байкагандар бар чыгаар. Дегеле, жаңы сериал эски фильмдин уландысы деген ойлор да айтылып жүрөт. Эки тасмада тең 70-жылдардагы Москва сүрөт­төлөт. Экөөндө да элеттик кыздар бакыт артынан кубалап чоң шаарга келишет да, сүйүү, чыккынчылык, жалганчылык сыяктуу татаал турмуштун камдаган сынактарына туш болушат. Меньшовдун тасмасында актриса Вера Алентова аткарган Катя Тихомирова чоң шаарда кичинекей кызы менен жалгыз калат эмеспи. Бул сериалда актриса ушул сымал окуяда эми каардуу кайнененин ролун аткарат.
«Советтик кинематографтын бермети» деген атка конгон Вера Алентованы сериалга тартуу абдан чоң эрдик, себеби, бул актриса өмүрүндө сериалдарга тартылган эмес жана сунушталган ролдорду абдан сынап көрүп анан кабыл алат. “Вера Валентиновна сценарийди көпкө чейин окуду, анан көпкө чейин ойлонуп көрдү. Мен ага убакыт бердим. Бирок, макулдугун берет деп акырына чейин ишене алган эмесмин”,- дейт режиссёр.
Вера Алентованы да бул сериал көп жылдарга артка алып учкан сыяктуу. “40 жыл мурун мени кайненем жактырбай, сүйүүмдөн ажыраткан. Бул сериалда мен келинимди теңиме албай, уулум экөөнүн тең бактысына балта чаап жатам,- деп салыштырат актриса,- Андан да кызыктуусу, эки тасманын ортосунда көрүнбөгөн байланыштар бар экен. Күндөрдүн биринде съёмкалар дачада уланмай болду. «Мосфильмдин» костюм бөлү­мүнөн мага эски кардиган алып келип беришти. Бул кийим менин көзү­мө абдан жылуу учурады. Көрсө, ал тээ “Москва көз жашка ишенбейт” фильми тартылып жатканда мен кийген кардиган экен. Анын айланып келип кайра өзүмө туш болгонуна баарыбыз таңкалдык”.

СОВЕТТИК ДООРДУ КУРУУ
Сериалдын режиссёру жаш муунга караганда улуу муун менен иштешүү оңой экенин айткан. “Жаш актёрлорго социализм убагындагы адамдардын жашоосу кандай экенин түшүндүрүү өтө кыйын эле,- дейт режиссёр, - Ал эми ошол жылдарда жашаган актёрлорго сөз айтып кереги жок”.
Азыркы Москва менен советтик Москванын айырмасы абдан чоң. Сериалда ошол жылдардагыдай атмосфераны түзүү да өзүнчө бир талантты талап кылган. “40 жыл мурунку Москваны кайрадан куруу мүмкүн эмес деп ойлогом,- дейт режиссёр, - бирок, Москванын тегерегинде убакыт токтоп калгандай туюлду. Атүгүл атайын декорация даярдап деле кереги жок экен. Себеби, шаар четинде даяр барак үйлөр бар. Алардын тургундары жалпы ашкана, жалпы мончону колдонушат. Суу, газ деген жок. Ошондуктан, биздин декораторлорго советтик үйлөрдү жасоо оңой эле болду”.
Мисалы, Вера жашаган бөлмөдө терезеде радио турат. Аны декораторлор издеген эмес. 40-жылдарда чыккан радио бүгүнкү күнгө чейин ошол барак үйдө туруптур. Үйдүн тургундары колдонгон илгерки эмеректер да декорциянын бир бөлүгүнө айланды.

АКТЁРДУК ТОП
Тасманын жүрүшүндө көрүүчүлөр башкаарман Веранын бир жашоону толук жашап чыкканына күбө болушат. Башта Вера апакай үлпөт көйнөк кийип турган болсо, ортодон түрмөгө отуруп чыккан келинге, акырында ичкич аялга айланып калат. Адегенде режиссёр Веранын ролуна эки башка актрисаны алам деп ойлогон. Бирок, продюсерлер: «Бул образды баштан-аяк Татьяна Арнтгольц жаратсын»,- деп сунуш кылышкан. Тасмада 25 жаштагы актриса грим­дөөчү­лөр­дүн жардамы менен кемпирге айланат. Бул үчүн парик жана жасалма бырыштар жардамга келген.
Актриса Татьяна Арнтгольц 1982-жылы Калининградда туулган. Эгизи Ольга экөө театралдык окуу жайында окушат. “Баары бир сүйөм...” сериалындагы айдоочу Сергейдин ролун аткарган Анатолий Руденко менен жакын мамилеси бар болчу. Бирок, учурда Таняны актёр Кирилл Плетнёв менен көп көрүшөт.
Вадимдин ролун аткарган актёр Антон Хабаров ушул сериалдын артынан чоң популярдуулукка жетишти. Тасманын сюжети боюнча өзүнүн энесинин ролун атактуу Вера Алентова аткараарын билгенде чочулай түшкөн. Актриса менен болгон эң биринчи кезигүүсүн Антон мындайча эскерет: “Тасманы үйлөнүү тоюн тартуудан баштаганбыз. Менин аткарып жатканымды режиссёр байкап, “азаматсың, чын эле үйлөнүп жаткандай аткардың” деген. А чындыгында, мен актриса Вера Валентиновнаны көрүп алып толкунданып жаткам.
Актёр Антон Хабаров 1981-жылы Балахиште туулуп-өскөн. Россияда эң престиждүү деген “Замандаш” тетрынын мүчөсү, профессионалдуу бийчи жана спорт чеберине талапкер. Учурда жубайы актриса Елена Хабарова менен 6 айлык кызын тарбиялоодо.
Өзүнүн таланты менен бүт актёрдук топту таңкалтырган Алина Булынко кичинекей Ританын ролун мыкты аткарган. Кыш күндөрүнүн биринде Алина катышкан эпизоддор тартылып жатат. Сценарий боюнча Рита ыйлашы керек эле. Кичинекей актрисага ишенбеген режиссёрдун “сага гримдөөчүлөр жасалма жаш жасап беришсин” деген сөзүнө жаш талант “өзүм эле ыйлайм” дегенсип абдан таарынган экен. Режиссёр менен бүткүл тартуучу топту таңкалтырып 2-3 дублдин ичинде кадимкидей ыйлап берген. Алина Булынко азыр 11 жашта. Бийге, ырга кызыгат.
Актриса Светлана Иванова Ританын 14 жаштан 24 жашка чейинки курагын аткарган. “Мектеп окуучусун аткарып жатканда бетиме бир да грамм боёк коюлган эмес,-дейт актриса,- Жасалма чач жана гриммдин жардамы менен улам чоңоюп бараттым”.
Светлана Иванова 1985-жылы Москвада туулган. Физика-математикалык мектепти аяктаган соң ВГИКке актёрдук бөлүмгө тапшырган. Жолдошу кесиби боюнча кинооператор, азырынча жарандык никеде турушат.

КЫЗЫКТУУСУ

  • Сериалда Вадим менен Веранын ролдорун аткарган Антон Хабаров менен Татьяна Арнтгольц Щепкин атындагы театралдык окуу жайында бирге окушкан. Ал кезде Антон дайыма Таняны анын эгиз сиңдиси Ольга менен алмаштыра берчү. Кино тартылып бүткөнчө Антон Веранын ар бир кыймылын, көз карашын изилдеп отуруп, аны эч качан алмаштыргыс болгонун билдирген.
  • Статистика боюнча, акыркы 1 ай ичинде интернеттеги «Яндекс» издөө сайтында эң көп “Баарыбир сүйөм...” сериалы кантип бүтөт?” деген суроо берилген.
  • Сериалдын композитору – атактуу ырчы Дмитрий Маликов. Фильмдин саундтрегин, “Сен жана мен” деп аталган ырды Маликов өзү аткарат.
  • 24 бөлүктөн турган жана жалпысынан 1230 мүнөткө созулган тасманы 8 ай ичинде тартып бүтүшкөн. Негизги съёмкалар күз жана кыш мезгилдерине туш келгендиктен, дээрлик ар бир актёр грипп менен ооруп чыккан.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 283, 4-10-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан