Неля менен Урматтын АКШдагы концерттери ресторандарда өттү.

Жаңы курулган очок ээлери Урмат менен Неля АКШнын бир нече шаарларын кыдырып концерт коюп келишти. Эки жумалык бул гастролду АКШдагы “Кыргыз клаб” коммерциялык эмес уюму менен биргеликте Миргүл Эсеналиева уюштурган. Чикаго, Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Филадельфия шаарларын кыдырган ырчылар ресторандарга концерт коюшкан. Бир жарым сааттык убакытка созулган концерттерге катышкан кыргыздардын саны 150гө чейин жеткен. Ал жактагы мекендештердин жылуу маанай менен тосуп алып коноктогондоруна ырчылар жетине албай ыраазы болуп кайтышты.

Лос-Анжелес шаарынан ырчыларды кыргыз мушкери Алмазбек Раимкулов жубайы Динара менен тосуп алып коноктоду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан