ТАМАШАКӨЙЛӨРДҮН ҮЙБҮЛӨСҮ

Белгилүү орусиялык юморист Евгений Петросянды көпчүлүк билет. Анын «Кривое зеркало» берүүсүн статистикалык так маалыматтар боюнча, учурда Орусиянын ар бир үчүнчү жараны калтырбай көрөт экен. Бирок, ушул тапта Евгенийди жубайы Елена Степаненкосуз элестетүү мүмкүн эмес. Алардын биз сүйүп көргөн көпчүлүк сатиралары да ортоктош эмгектен жаралганы баарыбызга маалым…

ЕВГЕНИЙ ПЕТРОСЯН
Белгилүү юморист Евгений Петросянц (чыныгы фамилиясы) 1945-жылы 16-сентябрда Азербайжандын борбору Баку шаарында математик менен инженердин үйбүлөсүндө төрөлгөн. Ата-энеси сахнага таптакыр жакындыгы жок адамдардан болгондуктан, кичинекей уулунун «артист болом» деген сөзүнө көңүл деле бурушчу эмес. Анын үстүнө ал учурда жокчулуктун каарында жашаган үйбүлө үчүн баласы аман-эсен чоңойсо, ошол чоң бакыт болчу. Бирок, Евгений 5-класстын окуучусу болгон кезде чачтарач болуп иштеген тууганыныкына чач кестиргени барып, сахна тарапка кеткен жолдун изин таап кайткан. Ал тууганынын берген багыты боюнча эртеси күнү эле Женя эжесине ээрчип белгилүү юморист-жазуучу Розовскийдин эл алдына койгон тамашалуу номерлерин көрүп келүү үчүн жөнөйт. Андан өзүнүн жандүйнө­сү каалаган болочок кесибин тапканына сүйүн­гөнүнөн үйүнө келип, күзгүнүн астына туруп алып өзүнө-өзү сөз берип, «мен дагы дал ушундай эл адамы болушум керек» деп айткан. Ошондон көп өтпөй эле болочок куудулга дагы бир шарт түзүлүп, таежеси сыналгы сатып алат. Буга кубанган Женя ар күнү кечинде таежесиникине барат. Юмористтин кээде «мага аткаруучулукту үйрөткөн биринчи мугалимим – сыналгы» деп калганы да ошондон улам.
1958-жылы Евгений биринчи жолу чоң сахнага ар түрдүү жанрдагы монологдорду окуп чыгып, алгачкы жолу «сахнада Евгений» деген сөз, күл­күлөр жана биринчи кол чабуулар жаңырган. Бул учурда Женя болгону 13 жашта экендигине карабай көп­чү­лүктүн көңүлүн таап, өз атын алыска таанытууга үлгүрөт.
Мектеп жашында эле бир топ жетишкендиктерди багындырган Женя окуусун бүтөөрү менен бул тармакта дагы такшалуу максатында Москва шаарындагы Эстрада искусствосунун театр чеберчилиги институтуна тапшырат. Ал эми 1962-жылы бул окуу жайды бүтүрүп, «В жизни раз бывает 18 лет» деп аталган телеберүүгө жеке сатирасы менен чыккан. Бул сатирасы көпчүлүк белгилүү искусство кызматкерлерине өзгөчө жагып, белгилүү артист болууга үл­гүр­гөн. 1964-жылдан 1969-жылга чейин Леонид Утесовдун жетегинде Мамлекеттик эстрадалык оркестрде, андан кийин «Москонцертте» кызмат өтөйт. Ар кимдин жетегинде өз талантына тажрыйба топтогон Евгений 1980-жылдардан тарта ар кандай тамашалуу телеберүүлөрдүн үстүндө иштеп келет. Евгенийдин башкалардан өзгөчө­лүгү – бир чыгарманы бир ирет окуп чыкса эле анын ар бир тыныш белгилерине чейин жаттап калгандыгында.
Бул учурда Евгений Петросян жеке турмушун да унутта калтырбастан, 20 жашында биринчи жолу үйбүлө очогун тутанткан. Женянын биринчи жубайы – белгилүү балерина Кригердин биртууган синдиси. Арадан бир жыл өткөндөн кийин жубайлар Виктория аттуу кыздуу болушат. Бирок, бул бүлөнүн жашоосу узакка созулган эмес. Мунун башкы себеби, Евгенийдин башка бир сулууну сүйүп калгандыгында эле. Евгений Петросяндын экинчи жубайы дагы атактуу опера ырчысы Козловскийдин кызы Анна болгон. Анна Женядан 7 жашка улуу болчу. Тилекке каршы, бул жубайлардын биргеликтеги жашоосу бат эле аягына келип жетип, юморист үчүнчү жолу үйлөнүүгө аргасыз болгон. Бул ирет «Женянын жубайы» деген наамга Нина Дорда аттуу ленинграддык сулуу кыз ээ болот. Бирок, бул наам тез эле Евгенийдин азыркы түгөйү Елена Степаненкого ооп кеткен. «Еленаны мен бир көрүп эле сүйүп калгам. Ал кезде Лена өтө эле арык, анан мен үчүн эң сулуу кыз болчу»,- деп эскерет юморист. Азыр мурунку жубайларынын бири менен да катышпайт. Ал эми экинчи жубайы былтыркы жылы оорудан каза тапкан. Кызы Виктория болсо Америкада айнектен оюнчук чыгарган чакан ишкана иштетип күнүн көрөт. Виктория тилин албай чет өлкөгө кетип калгандыгы үчүн Евгений ага толук 10 жыл сүйлө­бөй койгон. Бирок, мындан 2-3 жыл мурун кызы менен атасы кайра жарашышып, юморист биринчи жолу неберелери менен таанышкан. Азыркы куудул-жубайы Елена Степаненко Евгенийдин кызы Виктория менен таптакыр сүйлөш­пөйт жана аны жек көрөт.

ЕЛЕНА СТЕПАНЕНКО
Елена 1954-жылы 5-январда Орусиянын Волгоград шаарында төрөл­гөн. Атасы ашпоз, апасы чачтарач болгондуктан, Ленанын балалыгы жетишпеген жакыр турмушка туура келген. Актриса болуу – анын балачагындагы эң башкы тилеги болчу. Мектепте орто окуган окуучулардын катарында болуп, математика, физика, химия деген сабактардан бир канча ирет «2» деген баа алган. Ошентсе да окуусун аяктаган соң бир жыл искусство институтунда окуп, 1972-жылы көкү­рөгүндөгү каалоосун ишке ашырып, атактуулукка жетүү максатында ГИТИСтин музыкалык театрынын актёрдук бөлүмүнө тапшырган.
Талыкпас эмгегинин артынан 1979-жылдан тартып чоң сахнага кадам таштаган Елена тез эле эл оозуна алына баштайт. Алгач көчөдөн эле чогулган таланттуулардан турган музыкалык топ менен акча үчүн эки жылга жакын убакыт жалаң гастролдордо жүрөт. Бирок, Еленанын аткаруучулук таланты 1979-жылы учурдагы жолдошу, атактуу юморист Евгений Петросян тарабынан бааланып, Мамлекеттик миниатюралар театрына кабыл алынат. Ушул күндөн тартып Елена сатиралык номерлерди чеберчилик менен аткарган эң таланттуу актриса катары эл алдына чыга баштаган. Ал эми 1999-жылы чыгарган “И смех, и слёзы, и любовь” деген аталыштагы сатиралык жеке чыгармасы менен миллиондогон көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырууга жетишкен. Тынымсыз эмгектин артынан тапкан ийгилиги катары 2001-жылдан бери ТНТ каналынан эфирге чыгып келаткан “Шоу Елены Степаненко” деген телеберүүсүн айтууга болот. Андан тышкары, Елена жолдошу Евгенийдин бир гана жеке турмушунда эмес, чыгармачылыгындагы да жан шериги.
Елена жеке турмушунда балалыгынан бери сүйүүгө көп жолу жолуккандыгын айтып келет. Алтургай окуучулук кезинде Володя деген жигит үчүн эң жакын курбусу менен урушуп, керек болсо аны аз жерден өлтүрүп коё жаздаган. Курбусунун айтымында, окуя мындайча болгон: чоң суу жээктеп отурган кыздар Володя үчүн уруша кетишет. Бир маалда жөн гана сөз менен жүрүп жаткан уруш тытышууга өтүп, жини келген Елена курбусун сууга түртүп жиберип, басып кеткен. Ал эми суу агымы өтө тез болгондуктан, аны агызып кетет. Бир канча убактан кийин гана эбак эси ооп, бети-башы тытылган кызды классташ балдары суудан араң алып чыгышкан. Бирок, Елена ал жигит үчүн канча күрөшкөнү менен сүйүүсүнө жете алган эмес. Лена студент кезинде да өзүнөн эки жашка улуу Дмитрий аттуу жигитти жактырып, дагы бир чоң сүйүүгө кабылган. Аны менен бир жылдай жолугушуп жүрөт. Бирок, кийин Дмитрийдин үйбүлөлүү экендигин билип калып, ортолорундагы мамилеге чекит коюшкан. Елена Степаненконун башынан булардан башка да бир канча сүйүү сезимдери өткөн. Алардын эң өзгөчөсү катары өзү 23 жаш кезинде 57деги кишини жактырып калгандыгын айтууга болот. Бирок, муну көпчүлүк «байлык үчүн» деп жүрүшөт.
Елена азыркы жолдошу Евгений Петросянга чогуу иштешкендерине 6 жыл болгондон кийин гана 1985-жылы турмушка чыккан. Бирок, ошол 6 жыл ичинде экөө жарандык никеде жашап жүрүшкөндөрүн жана Евгенийдин ошол учурдагы жубайы менен да бир нече жолу урушканын айтып келишет. Учурда бул жубайлар бири-бири үчүн жаралгандыктарын жар салып, 20 жылдан ашык убакыттан бери ынтымакта чогуу турмуш курушууда. Тилекке каршы, экөөнү тең өкүн­дүргөн нерсе – балалуу боло алышпаганы. Ал эми бул кош жылдыздын ортолорунда уруштун жаралышы көбүнчө ашыкча тамашадан жана какшыктан келип чыгаарын өздөрү жашырышпайт. Алтургай 2004-жылы Елена жолдошун катуу тамашалап, экөө аз жерден ажырашып кете жаздашкан эле.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 283, 4-10-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан