Эч нерсени оюна албай, тамашалай сүйлөгөндү жактырган Асема өткөн сандарыбыздан биринде жолдошунун жерлигин жашырып «түркиялык кыргыз» деп тааныштырарын айткан. Бул сөздүн тамаша иретинде айтылганынан кабарыбыз жок биз аны гезит бетине жарыялаган элек. “Менин тамашакөй экенимди жакшы эле билчү эмес белеңер. Мен Баткенди, болгондо да Баткендин өрүгүн жакшы көрөм” деген актриса жолдошу Акжолду жанындай көрөрүн айтып редакцияга келип кетти.