Чоң байке-эжелеринен калышпай тапандаган ырчы Калыс Жакыпов “Мугалимге” деген ырына өзгөчө клип тарттырды. Клиптин өзгөчөлүгү – анда бир дагы актёрдун катышпаганы. Башкача айтканда, съёмкаларга мектептин директорунан баштап, бийден, комуздан, вокалдан сабак берген жалаң Калыстын мугалимдери тартылышты. Мында Калыстын класс жетекчиси жана классташтары да бар. Ал эми тартылуучу жай, албетте, Калыстын “Келечек” орто мектеби болду. Жаш таланттын кадимки күндөрүн чагылдырган бул клипти көргүңүз келсе, www.super.kg сайтындагы медиа-порталга баш багыңыз.