Нооруз майрамынын урматына 28-мартта Германия Федеративдик Республикасынын борбору Берлинде кыргыз ырлары жаңырды. Эки тараптын элчиликтеринин уюштуруусу менен өткөн бул кечеге Гүлнур Сатылганова катышты. Гүлнур чет жердеги боордоштору менен баарлашып, алардын жашоолорун жакындан тааный алды.