Алты айдын ичинде түркиялык-тардын банк системасын семичкедей чагып калган Самат 27-мартта Кыргызстанга кайтып келди. Мардин деген шаарда паспорту жок сейилдеп жүргөн ырчыны жергиликтүү полиция кармап алып камап сала жаздаган. Бул жагымсыз окуядан ырчыны Кыргызстандын желеги куткарып калыптыр. Башкача айтканда, жанында алып жүргөн Кыргызстандын желегин полицияга көрсөтүп араң кутулган.