Ырчы Бегимай Бекбоевага күйөрманы бою өзү менен тең жумшак мамалак оюнчук белек кылды. “Жүрсөң, сени досум менен тааныштырам” деп машинасына ээрчитип барган күйөрманы ырчыга алдыңкы орундуктагы мамалакты көрсөткөн. Башында аны чын эле адам экен деп ойлогон Бегимай жумшак оюнчук экенин көрүп, күйөрманына ыраазычылыгын билдирген.