Жаштардын сүйүктүү ырчысы Ильяз Абдыразаков Түркияда уюшулган концертке катышып келди. Ырчы жаз майрамдарына карата уюшулган концертке куудул Күмөндөр Абылов менен бирге барган. Ырчынын айтымында, Кыргызстандагы күйөрман кыздар Ильязды кандай жакшы көрүшсө, түрк кыздар да ошондой жакшы көрүшүп, жылуу маанайда кабыл алышкан.