Жаш ырчылар арасында “Сүйөм сени”, “Жүрөктү жүрөк тандасын” деген ырлары менен ысымы белгилүү боло баштаган Жанна деген ырчы бар. Жакындан бери Жаннанын кичинесинен бери эңсеген кыялдарынын бири жүзөгө аша баштады. Тактап айтканда, ырчы кыз муз үстүндө бийлөөнү үйрөнүүдө. Жанна келечекте бул өнөр боюнча мугалим да болгусу келет.