Ырчыларды, дегеле, эл көзүнө көрүнүп калган адамдарды ар түрдүү кептер ээрчип жүрөөрү анык. Анын үстүнө ал адам тууралуу жакындан билүүгө ким эле болбосун кызыгат. Ушундай критерийлерден уламбы, биздин www.super.kg сайтындагы “Жылдыздар супер форумда” бөлүмүнө катталган Бактыгүл
Бадыевага көптөгөн, ар түрдүү маанидеги суроолор келип түшүүдө. Сиз дагы ырчы тууралуу кененирээк билгиңиз келсе биздин сайтка кирип, суроо берүүгө үлгүрүңүз.