Апрель айы Жылдыз Тутуева үчүн өмүрүндөгү эсте каларлык айлардын бири болду. Анткени ырчы “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги менен сыйланды. Төш белгини Маданият министри өз колу менен тапшырды. Аталган төш белги Жылдыздын жалпы эле маданият тармагына, анын ичинде эстрадага, операга, театрга кошкон салымы үчүн берилди.