Кыргыз агрардык университетин аяктаган ырчы Дайыр Исмадияров эми аталган окуу жайдын окутуучусуна айланды. Социология жана психология сабактарынан 1-2-курстун студенттерине сабак бермей болгон ырчы учурда интеллектуалдык базасын өстүрүү менен алек. Жаңы эле жумушка кирүү туурасында берилген буйрукту колуна алган ырчы эс тарткандан берки тилеги орундалганына сүйүнүүдө. Эми ырчыны студенттер жаш ырчы агай деп айласын кетиришпесе эле болду.