Достору менен Дубайдан кайтып келаткан Сапар өз мекенине түнкү саат 11де “Манас” аэропортуна келип конгон. Жол жүрүп чарчаган ырчынын карамагында белек-бечкек салынган үч чемодан болгон. Борборго карай бет алып таксиге отурган Сапар таксиге бир чемоданын унутуп баса берген. Ошентип, жакындарына алган белектеринен, ал гана эмес, паспортунан кол жууп калды. Бизге кайрылган ырчы “белектеримден дагы паспортум табылса сүйүнчүсү чоң болот эле” дейт.