Ассоль москвалык кесиптештери менен биргеликте жакшы иш баштаганы турат. Чыгармачылыкка жакын, ыр-бийге кызыккан дилгир балдар үчүн мектеп ачуу Ассолдун жакынкы пландарынын бири. Бул мектептен билим алган балдар кийин сахнаны, балким, театрды тандайм десе алар үчүн күчтүү пайдубал болору талашсыз.