Кыргыз шоу-бизнесине көз чаптырсак, ырчылардын көбү четинен студиялуу болуп келе жатышат. Студиялуу болуу ырчынын иштеринин алга жылышына чөң өбөлгө болсо, экинчиден, акча алып келүүчү булак экени анык. Айпери Кубик кызы дагы атасы менен биргеликте “ТБК” аттуу аранжировка жасап, клип тартуучу студия ачты. Ырчы кыз студиядан чыккан алгачкы эмгек катары өзүнүн “Табышмак” аттуу ырынын клибин элге тартуулаганы турат.