Ырчы Бегимай Карабаева туулган жерин сагынып, борбордон өрүкзарлуу Баткенге тез-тез барып турат. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, ырчы май майрамдарына арналган алгачкы тушоо кесүү концертин Баткен аймагынан баштады. Буга чейин ырчыга жердештери тарабынан “бизге келип концерт койбосуңбу?!” деген суроо-талаптар көп түшкөн эле. Ырчынын гастролун Баткен облустук администрациясы колдоп, уюштуруу иштерине жардам көрсөтүүдө.