“Манастан Чубак кем бекен” дегендей башка ырчылардан эмнем кем дегенби, Максат Бегалиев кино жаатында өз дараметин сынап көрүүдө. “Кыргызфильмдин” таланттуу режиссёрлору жаратып жаткан жаңы тасма “Уул” деп аталат. Тасмада Максат башкы ролдордун биринин, башкача айтканда, Макс деген жигиттин ролун аткарат. Айылдан келген жигиттердин борборго келип кримдүйнөгө аралышып кеткени туурасындагы бул фильмге көрүүчүлөр май айында күбө болушмакчы.