Өзгөчө үнү жана кыймыл-аракети менен көпчүлүккө таанылган ырчы Орунбасар Кызалаков эми бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанылуу аракетин көрүүдө. Материалдык жактан колдоо көрсөтүүчү күчтүү демөөрчү тапкан ырчы кыргыз ырларын дүйнөлүк ырлардын ыргагына салуу менен чет өлкөлөргө жайылтмакчы. Орунбасардын бул аракети канчалык деңгээлде ишке ашат, аны убакыт көргөзөт.